"Тикмечи" квалификациясы боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн сапатын тышкы мониторингдөө жана баалоо критерийлери жана индикаторлору

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Кесиптик башталгыч билим берүү башкармалыгы "Тикмечи" квалификациясы боюнча окуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн тышкы мониторингдөө жана баалоо үчүн жаңы критерийлерди жана индикаторлорду иштеп чыкты. Бул кадам кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунун талаптарына ылайыктуулугун камсыздоого багытталган.
Бул мониторинг системасы кесиптик билим берүү мекемелерине өз программаларынын күчтүү жана алсыз жактарын так аныктоого, окуу пландарын заман талабына ылайык оңдоого жана адистерди даярдоонун жалпы сапатын жогорулатууга жардам берет.

https://www.drko.kg/articles/58 шилтеме аркылуу баалоо критерийлери жана индикаторлору жайгаштырылган.

Опубликовано 24.09.2025 пользователем Admin

Назад