PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ ОШ ОБЛУСУНДА/ ИССЛЕДОВАНИЕ PISA-2025 В ОШСКОЙ ОБЛАСТИ

Ош облусунун Араван, Алай, Ноокат, Кара-Суу, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунун жана Ош шаарынын окуучулары да PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышып, 3 багыт боюнча билимдерин сынап көрүштү:
1. Математикалык сабаттуулук;
2. Окуу жана түшүнүү сабаттуулугу;
3. Табигый-илимий сабаттуулук.
PISA – Эл аралык окуучуларды баалоо программасы. PISA дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун жана алардын билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн баалайт.
PISA изилдөөсү мониторинг жүргүзүүчү изилдөө болуп саналат. Ал ар түрдүү өлкөлөрдүн билим берүү системасында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү аныктоого, салыштырууга мүмкүнчүлүк берип, тийиштүү тыянактарды чыгарууга жана билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого жардам берет.
Эске салсак, PISA-2025 изилдөөсү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен өткөрүлүүдө. 120 ноутбуктун ижарасы Европа Биримдиги тарабынан каржыланган.
Иш-чаранын оператору – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти.
***************************************************************
В международном исследовании PISA-2025 также приняли участие учащиеся Араванского, Алайского, Ноокатского, Кара-Сууйского, Чон-Алайского, Узгенского районов Ошской области и города Ош, которые проверили свои знания по 3 направлениям:
1. Математическая грамотность;
2. Грамотность чтения и понимания;
3. Естественно-научная грамотность.
PISA – Программа международной оценки учащихся (Program for International Student Assessment). PISA оценивает функциональную грамотность школьников в разных странах мира и умение применять знания на практике.
Исследование PISA является мониторинговым, оно позволяет выявить и сравнить изменения, происходящие в системах образования в разных странах, позволяет сделать соответствующие выводы и помогает определить цели образовательной политики.
PISA проводится Министерством образования и науки Кыргызской Республики при финансировании Всемирного банка.
Аренду ноутбуков в количестве 120 штук софинансировал Европейский Союз.
Оператором проведения является Департатент развития качества образования при МОН КР.

Опубликовано 08.04.2025 пользователем Admin

Назад